Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Вандык кыргыздардын маселелери талкууланды


Элчи Кубанычбек Өмүралиев Улуу Памирде.
Элчи Кубанычбек Өмүралиев Улуу Памирде.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев бул өлкөнүн Ван аймагында жайгашкан Улуу Памир айылына барып, анын тургундарынын айрым маселелерин талкуулады.

Вандын губернатору Мехмет Эмин Билмез менен сүйлөшүүдө Улуу Памир айылында калктын санынын өсүшүнө байланыштуу кошумча турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү макулдашылды.

Жергиликтүү бийлик менен Улуу Памир айылындагы толук эмес орто мектептин ордуна лицей ачуу маселеси да сүйлөшүлдү. Ошондой эле айыл тургундарынын маданий иш-чараларына колдоо көрсөтүү алкагында фестивалдарды уюштуруу маселеси каралды.

Кыргыздар Түркиянын Ван аймагына 1986-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Улуу Памир айылында эки миңге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350дөйү мектеп окуучусу. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык вандык кыргыз бар.

Улуу Памир айылы Түркиянын чыгышында Иран менен чектешкен Ван аймагында жайгашкан. Негизинен калкы айыл чарбасы менен алектенет. (ElB)

XS
SM
MD
LG