Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Трамп Германияны газ үчүн айыптады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Вашингтон «Түндүк агым-2» газ кууру боюнча долбоордун катышуучуларына карата бир тараптуу санкция киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал Германияны «куурду орнотуу иштеринде Орусия менен кызматташып жатат» деп айыптап, «Биз Германияны Орусиядан коргоп жатсак, Орусия Германиядан газ үчүн миллиарддаган доллар алууда» деп сындады:

- Менимче, Германия өзүн өзү ыңгайсыз абалга калтырууда. Себеби ал энергиянын 50%, 60% же 70% Орусиядан алып жатат.

Ошондой эле Кошмо Штаттардын президенти Германиядан эки миңдей америкалык аскерди Польшага жөнөтүүгө даяр экенин да айтты.

«Түндүк агым - 2» долбоору Орусиянын газын Германиянын түндүк-чыгыш жээгине Украина менен Польшаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү аркылуу алып өтөт. Орусиянын газын Германияга түз жеткире ала турган бул долбоорго Евробиримдиктеги бир нече өлкө жана АКШ караманча каршы.

Ал эми орус бийлиги «Түндүк агым-2» долбоору экономикалык гана максатты көздөй турганын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG