Линктер

жекшемби, 16-июнь, 2019 Бишкек убактысы 23:27

ШКУ саммити: Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат


Бишкек.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине бир катар мамлекеттердин башчылары келип жатканына байланыштуу 13-июнда Бишкекте автожолдордо кыймылга убактылуу чектөө киргизилет.

Ички иштер министрлиги айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө кайрылып, кайсы көчөлөр улам жабылып турарын билдирди.

«Манас» аэропортунан Жибек Жолуна чейин, Жибек Жолунан Жаш Гвардия бульварына, Чүй проспектинен Манас проспектисине жана андан ары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин улам чектөө болуп турат.

14-июнда Бишкекте ШКУнун саммити өтөт, ага он чакты өлкөнүн президенти келип катышат. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG