Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Жөө жүрүш үчүн кармалган Навальный кайра бошотулду


Алексей Навальный.12-июнь, 2019-жыл.
Алексей Навальный.12-июнь, 2019-жыл.

Москвада жалган жалаа менен кармалып, кайра коё берилген журналист Иван Голуновго тилектештик билдириш үчүн 12-июнда уюштурулган жөө жүрүштүн жүздөгөн катышуучусун полиция кармап кетти.

Акцияга байкоо жүргүзгөн өз алдынча байкоочулардын айтымында, 400дөй адам, анын ичинде оппозициялык саясатчы Алексей Навальный да кармалган. Кийинчерээк Навальный бошонуп чыкканын «Твиттерге» жазды.

Полиция акцияга 1200дөй адам катышканын, алардын 200ү «бийлик уруксат бербеген иш-чарага катышты» деген негизде кармалганын билдирди.

«Медуза» басылмасынын иликтөөчү кабарчысы Голунов өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин кийинки убакта иликтеп жүргөн көрүстөн бизнесине байланыштырып жатат. Ал иликтөө ушул күндөрү жарыяланмак. 11-июнда Голуновго козголгон кылмыш иши токтотулган. (RK)

XS
SM
MD
LG