Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Масалиев: Кол тийбестиктен ажыратуу оңой процесс эмес


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Экс-президенттен кол тийбестикти алуу процесси оңой эмес. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитеттин мүчөсү Исхак Масалиев билдирди.

Депутаттын айтымында, бул маселе парламентте атайын комиссия түзүү аркылуу чечилиши керек. Ал эми комиссия түзүү тууралуу чечим комитеттин жыйынында кабыл алынат.

- Комиссия он күндүн ичинде коюлган күнөөлөрдү текшерип, иштеп чыгышы керек. Эгер ошолорду далилдесе, анда Жогорку Кеңешке чыгарып, 60 добуш менен прокурорго жибериши зарыл болот. Прокурор өзүнүн пикири менен кайтарат. Андан кийин 80 депутат макулдугун берсе кол тийбестик алынат. Процесс оңой эмес, - деди депутат.

12-июнда Жогорку Кеңеште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгү жана соңку билдирүүлөрү талкууга алынып, аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча демилге көтөрүлдү.

Атамбаевдин тарапкерлери муну атайын даярдалган сценарий деп баалашты. (RK)

XS
SM
MD
LG