Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Төрт айда салык былтыркыдан 1,1 млрд. сомго аз жыйналды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстанда салык жыйноодо соңку сегиз жылда алгачкы жолу өсүш болгон жок.

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин жалпы кирешеси январь-апрель айларында 47 млрд. 481 млн. сомду түздү. Анын 35 млрд. 72 млн. сому – салык кирешеси.

Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырып караганда бул 1,1 млрд. сомго аз.

2011-жылдан бери мындай көрүнүш байкалган эмес.

7-февралда Финансы министрлигинин коллегиясынын жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев салык жыйноо планын кийин аткаруу так болушу үчүн сапаттуураак түзүүнү талап кылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG