Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Мадеминов: ТВЕАнын өкүлдөрүн да суракка алыш керек (видео)


Мурадыл Мадеминов
Мурадыл Мадеминов

13-июндагы парламент отурумунда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов айрым депутаттардын экс-президент Алмазбек Атамбаевге дооматтарын комментарийледи. Ал парламент калыс болбогондуктан Атамбаев депутаттарды сындап жатканын белгиледи.

“Маселен, ЖЭБ маселесин карап жатканыбызда “талаш-тартыш болуп жатат, эл аралык аудитке берели” деп бир нече депутат сунуштаганыбыз. Парламент ошого барбай, калыс сөзүн айта албай койгон. Алмазбек Шаршенович ошону айтып жатат. Бүгүн да кеч эмес, Дастанбек Артисбекович. Мына сот процесси азыр туңгуюкка такалып турат. Коррупция дей турган болсок, анда ошол ТВЕА компаниянын өкүлдөрүн да алып келип сураш керек. Себеби, коррупция эки жактуу болот, акчаны бирөө берет, экинчиси алат. Демек акчаны берген ТВЕА, алган тиги отургандар болуп жатат. Ошондуктан бул жерде калыстыктын жоктугунан, өзүнүн командасы абакка кирип калгандыгынан Алмазбек Шаршенович ушундай ачуу сөздөрдү айтты”,-деди.

8-июнда Бишкекте, “Медиа Форум” имаратынын алдында экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБи жана башка иштер боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында камалган саясатчылар саясий куугунтуктун негизинде жоопко тартылып жатканын билдирген. Бул тизменин катарына ал экс-премьер-министр Сапар Исаковду, экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовду, жансакчысы Дамир Мусакеевди, “Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазовду жана башкаларды кошкон. Атамбаев буга президент Сооронбай Жээнбековду жана парламентти айыптаган.

12-июндагы отурумда болсо депутаттар Канатбек Исаев менен Талантбек Мамытов Атамбаевдин өзүн коррупцияга жана бийликти узурпациялоого айыптап чыгышкан. Бул пикирди колдогон КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча комиссия түзүшкөн.

2018-жылдын 26-январында да Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, кыш чилдеде шаар тургундары бир жумадай жылуулуксуз калган. 2017-жылы аяктаган борборду модернизациялоо иштерин Кытайдын ТВЕА компаниясы жүргүзүп, ага 386 миллион доллар жумшалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG