Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Санпадагы эскерүү: Жабыркагандарга колдоо болбой жатканы айтылды


Санпадагы окуяны эскерүү учуру. Жалал-Абад, Кыргызстан. 13-июнь, 2019-жыл.
Санпадагы окуяны эскерүү учуру. Жалал-Абад, Кыргызстан. 13-июнь, 2019-жыл.

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Топурак-Белдеги монумент алдында 2010-жылдагы июнь окуялары эскерилди. Иш-чарага өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коогалаңда жакынын жоготкон тургундар катышты.

- Улуттар арасындагы жаңжал эч кимге кереги жок экенин түшүндүк. Бир топ күчтөр өз кызыкчылыктарына жетиш үчүн ушул кадамга барышкан. Бул жерде карапайым калк гана азап чекти. Баштаган адамдар ошол күнү жок болушту, анткени аларга элдин жана жердин бүтүндүгү керек эмес эле. Азыр да чагымчыл күчтөр бар, бирок биз - жергиликтүү бийлик жана күч кызматтары - аларга жол бербейбиз. Социалдык тармактарда ар түрдүү туура эмес чакырыктарга азгырылбашыбыз керек, - деди өкмөт өкүлү Сатыбалдиев.

Коогалаңда бир тууган инисин жоготкон, «Санпа шейиттери» коомунун мүчөсү Аскар Сариев жабыркагандарга жеткиликтүү деңгээлде социалдык колдоо болбой жатканын айтты. Сариев окуяда ата-энесинен айрылган жетим балдарга үй салууда жер тилкесин бөлүү жагын чечип берүүнү, муниципалдык соода жайларында соода кылууга көмөк көрсөтүүнү жана жапа чеккен үй-бүлө мүчөлөрүнө курорт-санаторийлерге жолдомолорду караштырууну суранды.

Санпадагы эскерүүгө 500дөн ашуун адам катышты. 2010-жылдын 12-июнь күнү Ош-Бишкек жолундагы «Санпа» пахта тазалоочу заводунун жанындагы каргашада 16 адам набыт болуп, экөө дайынсыз жоголгон. Тогуз автоунаа өрттөлгөнү айтылган. «Санпа» окуясына тиешеси бар деген 19 адам кармалып, алардын 17си өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында жалпысынан 446 адам набыт болуп, эки миңге жакыны ар кандай деңгээлде жарадар болгон. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG