Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Жээнбеков: Кыргызстан Кытайды эң башкы өнөктөштөрдүн бири деп эсептейт


Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзиньпиңдин жолугушуусу. Бишкек, Кыргызстан. 13-июнь, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзиньпиңдин жолугушуусу. Бишкек, Кыргызстан. 13-июнь, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң менен жолугушууда Кыргызстан көп багыттуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Жээнбеков артыкчылыктуу багыттар катары транспорт, инфраструктура, айыл чарба тармактарын атады. Кыргыз президенти расмий Бишкек Кытай менен буга чейин түзүлгөн келишимдерди аткара турганын билдирди. Ал эки өлкө ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырыш үчүн өкмөт аралык жумушчу топ түзүүнү сунуш кылды.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң Кыргызстанга 13-июнда мамлекеттик сапар менен келген. Бүгүнкү жолугушуунун жүрүшүндө 20га жакын документке кол коюлары айтылууда. Азырынча алар кандай багыттагы келишимдер экени ачык айтыла элек.

Жээнбеков буга чейин Кытайдын бийлиги убада берген 600 миллион юань жакын арада бөлүнөт деп ишенерин билдирди.

Кытай Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө, таза суу менен камсыз кылууга 100 миллион доллар же 600 миллион юань бөлөрү 2018-жылы июнь айында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун Бээжиндеги сапарынын учурунда айтылган. Кыргызстан аймактарды өнүктүрүү багытында жалпысынан 48 долбоор сунуш кылган. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG