Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Ооганстандын президенти Кыргызстанга келди


Ашраф Гани (ортодо). 13-июнь, 2019-жыл.
Ашраф Гани (ортодо). 13-июнь, 2019-жыл.

Ооганстан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Гани Шанхай Кызматташтык Уюмундагы мамлекеттердин башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн бүгүн, 13-июнда, Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

Ооганстандын президентин «Манас» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити Бишкекте 14-июнда өтөт. Ага Кыргызстанды кошкондо 12 өлкөнүн президенттери катышат. 12-июнда алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзиньпиң келди. (ErN)

XS
SM
MD
LG