Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Путин: АКШ менен мамилебиз начарлады

Владимир Путин.
Владимир Путин.

Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамилелер «барган сайын начарлап жатат». Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин «Мир» телеканалындагы маегинде билдирди. Бирок, Путиндин айтымында, Орусия менен АКШ июндун этегинде Осакада өтө турган «Чоң жыйырманын» саммитинен кийин «кандайдыр бир чечимге келиши мүмкүн».

Эки тараптуу мамилелерди жөнгө салуунун зарылчылыгы тууралуу 14-майда биргелешкен басма сөз жыйынында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да айтышкан. Ошону менен бирге тараптар эки өлкөнүн ортосунда бир катар маселелер боюнча бир топ пикир келишпестиктер бар экенин белгилешкен. Дональд Трамп Жапонияда Владимир Путин менен жолугушуу ниети бар экенин айткан. Кремль мындай жолугушуунун мүмкүнчүлүгүн четке каккан эмес. 

Өткөн жылдын этегинде Буэнос-Айресте «Чоң жыйырманын» саммитинде Трамп менен Путин жолугушкан эмес. Буга аннексияланган Крымдын жээгинде 24 украин деңизчи кармалганы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG