Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 13-июнда Бишкекке келди.
Өкмөт аппараты кабарлагандай, Токаевди «Манас» эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Мунун алдында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Ооганстан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Гани, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келген. Кечээ Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзиньпиң Бишкекке келип түшкөн.
ШКУнун саммити Бишкекте 14-июнда өтөт. Ага Кыргызстанды кошкондо 12 өлкөнүн президенттери катышат.
9-июнда өткөн кезексиз шайлоодо Касым-Жомарт Токаев калктын 70 пайыздан ашык добушун алып жеңишке жеткени жарыяланган. Анын инаугурациясы 12-июнда өттү. (ErN)