Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Орусиядан газ алган тараптарга санкция жарыялоо долбоору иштелип чыкты


«Түндүк агым - 2» кууру.

АКШда республикачыл сенаторлор тобу «Түндүк агым - 2» боюнча санкция тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Эгер ал кабыл алынса, Германияга Орусиядан газ ташуучу куурду орнотуу иштери токтошу ыктымал.

Мыйзам долбоорунда Орусиядан энергия экспорттолгону үчүн инвестиция жана өнүктүрүү долбоорлорун сунуш кылган тараптарга карата санкция жарыялоонун жолдору жазылган.

Орусиянын «Газпром» ишканасы учурда 11 миллиард долларлык куур салып жатат, ал аркылуу Европага бир жылда 55 миллиард куб метр газ жөнөтүп туруу каралган.

Өткөн аптада орус бийлиги куурду орнотуу иштери быйыл аяктай турганын билдирген.

Жакында АКШнын президенти Дональд Трамп Германияны «куур боюнча Орусия менен кызматташып жатат» деп айыптаган.

«Түндүк агым - 2» долбоору Орусиянын газын Германиянын түндүк-чыгыш жээгине Украина менен Польшаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү аркылуу алып өтөт. Орусиянын газын Германияга түз жеткире ала турган бул долбоорго Евробиримдиктеги бир нече өлкө жана АКШ караманча каршы.

Ал эми орус бийлиги «Түндүк агым-2» долбоору экономикалык гана максатты көздөй турганын билдирүүдө. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG