Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

ШКУ саммити: «Үч коркунучка» каршы күрөш көңүл борборунда


ШКУ мамлекеттеринин туулары.
ШКУ мамлекеттеринин туулары.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин лидерлеринин өзүнчө жолугушуусу аяктады. Ушу тапта кеңейтилген форматтагы жыйын башталууда. Анын жыйынтыгы менен Бишкек декларациясы кабыл алынары айтылды.

Анда уюмга кирген өлкөлөр дүйнөгө азыркы кезде кооптуу болуп жаткан «үч коркунуч» - экстремизм, терроризм жана жикчилдик экенин белгилеп, бул көрүнүштөргө каршы күрөштү күчөтүүгө көңүл буруларын белгилешет.

Мындан сырткары Ооганстандагы абал, ШКУнун башка уюмдар менен кызматташуусу боюнча жоболор камтылат.

Саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстандын, Кытайдын, Орусиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда.

Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстандын, Беларустун, Ирандын жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG