Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Жаңы Зеландияда мечитке чабуул жасаган киши күнөөсүн мойнуна алган жок


Брентон Таррант
Брентон Таррант

Жаңы Зеландиянын Крайтсчөрч шаарындагы мечиттерге чабуул жасоого айыпталган австралиялык Брентон Таррант коюлган айыпты мойнуна алуудан баш тартты.

"New Zealand Herald" гезити кабарлагандай, Тарранттын күнөөсүн четке каккан билдирүүсүн баштапкы соттук отурумда анын адвокаттары угузду. Айыпталуучу өзү өзгөчө кайтарууга алынган Окленддеги түрмөдөн сотко видео байланыш аркылуу чыкты. Камерада жалгыз кармалып жаткан айыпталуучу соттун жүрүшүнө жылмаюу менен байкоо салып турганын аталган басылма жазды.

Негизги соттук отурум 2020-жылдын май айына белгиленди.

28 жаштагы Таррант террорчулукка, 51 адамды өлтүрүүгө жана 40 адамга кол салууга айыпталууда.

15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайтсчөрч шаарындагы эки мечитке австралиялык Брентон Таррант аттуу киши ок жаадырып, теракттан 50 кишинин өмүрү кыйылган. Экстремисттик көз карашты карманган бул адам окуяны «Фейсбуктагы» барагы аркылуу түз алып көрсөткөн. Бул видео өчүрүлгөнгө чейин аны 4 миңдей адам көргөнгө үлгүргөн. «Фейсбук» компаниясы бул видеонун баш-аягы 1,5 миллионго чукул көчүрмөсүн социалдык тармактан өчүргөн.

Бул окуядан кийин Жаңы Зеландиянын бийлиги курал сатууга тыюу салуу боюнча мыйзамдарды катаалдаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG