Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Башкы прокуратура коррупциялык иштерден 16 миллион сом өндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура коррупциялык зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 16 млн. 422 миң 556 сом которду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Муну менен башкы көзөмөл органы аталган эсепке которгон каражат 409 млн. 842 миң 752 сомго жетти.

17-апрелге карата Борбордук казыналыктагы бирдиктүү депозиттик эсепке 1 млрд. 148 млн. 900 миң сом чогулганы кабарланган.

Депозиттик эсеп 2018-жылдын июлунда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG