Бишкектин Октябрь райондук соту «Бишкек жүргүнчүлөр автокомбинатын» жана ага караштуу жер тилкесин алып-сатуу боюнча келишимди жокко чыгарып, мүлктү ага мурда ээлик кылган шаардык муниципалитетке кайтарган чечим кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Соттун чечимине ылайык, шаардагы жалпы аянты 666,4 чарчы метрди түзгөн комплекс, 8001,3 чарчы метрди түзгөн имарат, 5,028 гектарды түзгөн жана 0,258 гектарды түзгөн жер тилкеси шаарга кайтарылды.
«Бишкек жүргүнчүлөр автокомбинаты» коммуналдык ишканасы банкрот болуп калганына байланыштуу 2010-жылдын 10-февралында мекеменин атайын администратору (Т.Аширбаев) жеке тарапка (Б.Турдубеков) ишкананын мүлк комлексин сатып жиберген. Тараптар 9 миллион 461 миң сомго келишим түзүшкөн.
«Мүлктү сатуу одоно мыйзам бузуу менен коштолду» деп Бишкек шаардык мэриясы 2015-жылы сотко кайрылган. Сот иши 2016-жылдын 22-декабрында башталган.
Мэриянын пайдасына болгон чечимди Октябрь райондук соту 1-февралда чыгарган, чечим 3-апрелде күчүнө кирди. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы 10-июнда ишканага ээлик кылуу укугун Бишкек шаардык мэриясына каттап берди. (ErN)