Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:11

Бизнес-акыйкатчы кызматына беш талапкер ат салышууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бизнес-омбудсменди шайлоо 17-июнда болот. 13-июнга пландалган иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу башка күнгө жылган.

Бул кызматка, “Акчабар” порталынын маалыматына караганда, беш талапкер ат салышууда.

Алар – Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев, Эл аралык ишкер кеңештин мурдагы жетекчиси Актилек Түнгатаров, Улуттук ишкер кеңештин төрагасы Сергей Пономарев, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметова жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд Смит.

Бизнес-акыйкатчыны Байкоочу кеңеш тандайт. Анын курамында өкмөттүн, Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен беш бизнес-ассоциациянын өкүлдөрү бар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 31-декабрында бизнес-акыйкатчы институтун – ишкердик субъектилердин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты түзүү жөнүндө токтомго кол койгон.

Бизнес-акыйкатчы ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоо боюнча иш алып барат, мамлекеттик орган болуп эсептелбейт. Анын өз катчылыгы болот жана алар ишкерлердин кайрылуулары менен арыздарын карайт. (RK)

XS
SM
MD
LG