Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

«Чанг Ан» банкы макамын насыялык компания кылып өзгөртмөй болду


«Чанг Ан» банкынын кеңсеси.
«Чанг Ан» банкынын кеңсеси.

Кыргызстандагы «Чанг Ан» инвестициялык банкынын акционерлери мекемени «Чанг Ан» чакан насыя компаниясы кылып кайра түзүү боюнча чечим кабыл алышты. Бул тууралуу компаниядан билдирүү алган Кыргыз фондулук биржасы кабарлады.

Коммерциялык мекеменин акционерлери 13-июнда чогулушкан.

Жыйында алар компаниянын юридикалык макамынан сырткары жобону жаңылоо жана директорлор кеңешинин курамын алмаштыруу бүтүмүнө келишкен. Ага ылайык, микрофинансылык компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы болуп Алишер Мамасаидов, директору болуп Дамир Жунушалиев шайланды.

Буга чейин аталган банктын акционерлеринин чогулушу 28-майда өтөрү айтылган. Ал күнү кворум болбой калгандыктан жыйын 13-июнга белгиленген. Мекеме эми өзүнүн юридикалык макамын өзгөртүү жөнүндө Улуттук банкка өтүнүч жибериши керек.

Чакан насыя компаниясы болуу себебин банк ачык айтпаганы менен адистер анын уставдык капиталы азайып кеткен болушу мүмкүн деп түшүндүрүүдө.

Улуттук банк былтыр банктардын капиталы минимум 600 миллион сом болушу керек деген эреже киргизген. Ушундан улам башка коммерциялык банктарда да коркунуч бар экени кабарланууда.

«Чанг Ан» банкты кошкондо Кыргызстанда жалпы 25 коммерциялык банк бар. Чакан насыя уюмдарынын саны 142, анын алтоо ири компания болуп саналат. (ErN)

XS
SM
MD
LG