Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:17

Банктардын кризиси «Чанг Андан» башталды


«Чанг Ан» банкынын кеңсеси.
«Чанг Ан» банкынын кеңсеси.

Кыргызстандагы «Чанг Ан» банкы чакан насыя компаниясы болуп кайра түзүлгөнү калды. Мекеме мунун себебин ачык айтпаганы менен адистер банктын уставдык капиталы азайып кеткен болушу мүмкүн деп түшүндүрүшүүдө.

Улуттук банк былтыр банктардын капиталы минимум 600 миллион сом болушу керек деген эреже киргизген. Ушундан улам башка коммерциялык банктарда да коркунуч бар экендиги кабарланууда.

Макамды өзгөртүү аракети

«Чанг Ан» инвестициялык банкынын «Чанг Ан» чакан насыя компаниясы болуп кайра түзүлгөнү жатканы тууралуу кабар мекеме Кыргыз фондулук биржасына билдирүү бергенден кийин белгилүү болду.

Банктын жетекчилиги анда 28-майда акционерлердин кезексиз жыйынын өткөрө турганын, ошол жерде макамды өзгөртүү жөнүндө маселе каралаарын ырастаган.

Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти Медетбек Назаралиев «Азаттыкка» буларды айтты.

Кыргыз фондулук биржасы.
Кыргыз фондулук биржасы.

«Мыйзам боюнча банктар өздөрүндө кандайдыр бир өзгөртүүлөр болсо Финансылык көзөмөл мекемесине, фондулук биржасына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кабар бериши керек. Бизге келген маалымдамага ылайык, булар кезексиз жыйында беш суроону карайт экен. Биринчиси - «Чанг Ан» банкын чакан насыя компаниясы кылып кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу жана ал боюнча Улуттук банкка өтүнүч келтирүү. Экинчиси - мекемени ачык акционердик коомдон жабык акционердик коом формасына өткөрүү. Андан кийин жаңы мекеменин жобосун, директорлор кеңешин жана башкармалыктын төрагаларын бекитүү маселеси каралат экен. Эмне үчүн булар макамын чакан насыя компаниясы кылып өзгөртүп жатышат? Анын себебин бизге кабарлашкан эмес. Бул алардын ички маселеси».

Макамды өзгөртүүнүн себебин «Чанг Ан» банкынын жетекчилиги азырынча жашыруун кармап тургусу келген сыяктанат. «Азаттыктан» экенибизди айтып байланышканыбызда, мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкерлери маселе жөнүндө комментарий берилбей турганын айтышты.

Банк мындай чечими тууралуу Улуттук банкка өтүнүч келтиргенде ал ачык айтылабы же жокпу, белгисиз. Анткени өтүнүч кат бериле элек. Натыйжада башкы каржылык көзөмөл мекемеси деле «Чанг Ан» банктын ыктымал аракетинин себебине түшүндүрмө берүүдөн карманууда.

Бирок адистер макамды өзгөртүүнүн эң башкы себептеринин бири – банктын уставдык капиталы бекитилген нормага жетпей калганы же азайып кеткени экенин жакшы билишет. Экономикалык жана финансылык багытта иш алып барган бир катар басылмалар да «Чанг Ан» банктын жагдайына ушундай баа беришти.

Маалым болгондой аталган банк лицензиясын 2015-жылы эле алган. Учурда «Чанг Андын» башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу Дамир Жунушалиев жана директорлор кеңешинин төрагасы Эрмек Конурбаев.

«Акчабар» порталынын директору, экономист Алымбек Өмүрзаковду угалы.

«Акчабар» порталынын логосу.
«Акчабар» порталынын логосу.

«Биздин оюбузча бул каржы жетишпегенине байланыштуу болуп жатат. Себеби, Улуттук банк 600 млн. сом деп коюлган нормага жетпей калган банктардын лицензиясын кайтарып алышы мүмкүн. Банктын акционерлери киреше жоктугуна байланыштуу ушундай чечимге барууну туура көрсө керек. Анын үстүнө бул банкта райондордо, облустарда өкүлчүлүктөр жок болчу. Балким ушундан улам да алардын кирешеси начар болушу мүмкүн», - деди Өмүрзаков.

Уставдык капитал демекчи, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ачылган коммерциялык банктарга чек алгач 20 миллион сом болгон экен.

Улуттук банк муну жыл сайын көтөрүп отуруп, 2015-жылы 300 миллион сом кылып бекиткен. Ушул жылдардагы чечимдерге ылайык, уставдык капиталдын чеги 2017-жылы 600 миллионго жетмек. Бирок ал жылы чек 500 миллион сом боюнча гана калып кеткен.

2018-жылдын июль айынан тартып гана 600 миллион сомго көтөрүлгөн. Банктардын туруктуулугун камсыз кылыш үчүн киргизилген бул чек мыйзам менен бекитилген.

Башкача айтканда, коммерциялык банктар учурда жүгүртүүсүндө ушунча акчаны кармап турууга милдеттүү. Банктын менчик капиталы ага жетпесе анын лицензиясы кайтарылып алынат.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева бул чаралар банктарга алдын ала эскертилгенин белгиледи:

Аида Карабаева.
Аида Карабаева.

«Биз уставдык капиталдын чегин жогорулатканда банктарга «эгерде ал сумманы чогулта албай калсаңар, чакан насыя компаниясы болуп кайра түзүлүп, иштей берсеңер болот» деп айтканбыз. Бир нече жыл мурда эле акционерлерге «ушундай талаптар болот, акчаңарды жебей, топтогула» дегенбиз. Биздин укуктук-ченемдик документтерде ошондой мүмкүнчүлүк каралган. Анткени ал жакта уставдык капитал 100 миллион сом. Мурда «ФИНКА», «Бай түшүм», «Компаньон» чакан насыя компаниялары банк болушпадыбы, ушул сыяктуу эле банктар кайра чакан насыя компаниясы боло алышат. Бирок компания болгондо насыялоо боюнча гана чектелген лицензия менен иштейт. Кошумча кызмат көрсөтүү укуктарын да алса болот, ага өзүнчө лицензия алышы керек».

Бирок Улуттук банктын өкүлү азырынча калган банктарда макамын чакан насыя компаниясына өткөрүү тууралуу маалымат жок экенин айтууда. Ал башка банктарда уставдык капитал жетиштүү экенин, ал түгүл «РСК банк», «Айыл банк» сыяктуу банктарда бул сумма 1-2 миллиард сомдон ашарын билдирет.

Башка кооптонуу

Деген менен 2017-жылдын жыйынтыгында алты банк – Пакистандын банкы, «Капитал банк», «Дос-Кредобанк», «Азия банкы», «Демир банк», «Евразия сактык банкы» менчик каражаты уставдык капиталдын чегине жетпей калганы белгилүү.

«Economist.kg» басылмасынын жазганына ишенсек, 2018-жылдын 1-октябрына карата 600 миллион сомдук чекке «Дос-Кредобанк», «Толубай банк» жана «Евразия сактык банкы» (мурдагы «Кыргыз кредит банкы») жетпей калган. Анда акыркы аталган банктын уставдык капиталы болгону 300 миллион сом деп көрсөтүлгөн.

Биз сөз кылган «Чанг Ан» банкыныкы бул көрсөткүч былтыркы эсептерде туура 600 миллион сом деп берилген экен. Ошол эле учурда банкта 100 миллион сомдой жабыла элек чыгымы бар экени кабарланган.

2018-жылдын октябрь айында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеӊиш парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, «Кыргызстанда төрт банк жоюлуу процессинде, дагы экөө убактылуу администрациялоо режиминде турат» деп айтканын да эске сала кетели. Ал анда кайсы банктар экенин тактап айткан эмес. Бирок азыр Улуттук банктын сайтында «Азия Универсал Банк», «Инвестбанк «Ысык-Көл», «Манас Банк» жоюлуп жаткан банктардын тизмесинде, «Ак Банк» лицензиясы кайтарылып алынган банктардын тизмесинде турат.

Жогоруда белгиленген себептерден улам быйыл же келерки жылдары башка банктар да макамын өзгөртүп же жоюлуп кетиши мүмкүн деген түкшүмөлдөр да жок эмес. Арийне, айрым адистер валюталык олку-солкулук же каржылык кризистер алдыңкы жылдары банктарга ар кандай таасир этерин эскертип келишет.

Быйыл март айында Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) миссиясынын жетекчиси Кристиан Жос Бишкектеги эки апталык сапарынын жыйынтыгын чыгарган учурда Кыргызстандагы банктарды 2019-жылы күтүп жаткан тобокелдиктер тууралуу айткан.

Кристиан Жос (оңдо) жана ЭВФтин Кыргызстандагы өкүлү Тигран Погосян (солдо). Бишкек. 19-март, 2019-жыл.
Кристиан Жос (оңдо) жана ЭВФтин Кыргызстандагы өкүлү Тигран Погосян (солдо). Бишкек. 19-март, 2019-жыл.

«Биз экономиканын «саламаттыгынын» абалын текшерүү учурунда каржылык стабилдүүлүктү, банк секторунун бекемдигин да карап чыктык. Биздин баабызда Кыргызстандын банк сектору туруктуу, жакшы капиталдашкан. Аткарылбай калган насыялар жана доллар менен берилген насыялар азайып жатат. Бул жакшы көрүнүш. Бирок ага карабай түрдүү кооптуу жагдайлар бар. Кыргыз экономикасын 25 гана банк тейлеп жаткандыктан алардын диверсификация кылышы кыйыныраак болот. Ошондуктан бул жерде жагдай экономиканын көлөмүнүн аздыгы менен байланыштуу. Доллар менен насыя алып, бирок кирешесин сом менен тапкан субъектилер көп. Эгер сомдун куну кетсе, бул ошол кардарлар жана алар насыя алган банктар түрдүү коркунучтарга кептелет», - деген Кристиан Жос.

«Чанг Ан» банкты кошкондо Кыргызстанда жалпы 25 коммерциялык банк бар. Ал эми чакан насыя уюмдарынын саны 142, анын алтоо ири компания болуп саналат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG