Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Ошто ишкер аялдардын жармаңкеси өтүп жатат


“Евразиялык ишкер айымдар -2019” жарманкесинин катышуучусу. Ош шаары. 14-июнь, 2019-жыл.
“Евразиялык ишкер айымдар -2019” жарманкесинин катышуучусу. Ош шаары. 14-июнь, 2019-жыл.

“Евразиялык ишкер айымдар -2019” деген аталыштагы жармаңке-көргөзмө ишин 14-июнда баштады. Иш-чарага Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген ишкер аялдар катышууда. Мындан тышкары Бишкек шаарынан, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарынан, коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан, Армения, Кытай жана Монголиядан да ишкер айымдар чакырылган.

«Евразиялык ишкер айымдар - 2019» жармаңкеси “Аш фестивалы” менен коштолду.

Жармаңке-көргөзмөдө жергиликтүү жана чет элдик ишканалар өндүргөн кийим-кече, азык-түлүк, курулуш материалдары, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары жана башка буюм-тайымдар сатылууда.

«Евразиялык ишкер айымдар - 2019» жармаңкеси “Аймактарды өнүктүрүү интеграциясы” деп аталган жыйындын алкагында өтүп жатат. Бул жыйында кыргызстандык жана чет өлкөлүк ишканалардын, ишкерлердин жолугушуусу болот. Анда бир катар тармактар боюнча кызматташуу багытында келишимдер, меморандум жана макулдашуулар түзүлөрү күтүлүүдө.

Жармаңке-көргөзмө үч күнгө созулат. (MdN)

XS
SM
MD
LG