Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:46

Тапанча менен видеого тартылып калган киши милицияга өзү келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук гвардиянын кызматкеринин күбөлүгүн көрсөтүп, курал көрсөткөн киши милицияга өзү келди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

28 жаштагы жаран (Ж.Т.) тасма 13-июнда, кечки саат ондо Ала-Арча суу сактагычында тартылганын айтты. Ал мас абалында болгонун, “аны белгисиз төрт адам жана аял келип, уруша баштагандыктан күбөлүгүн көрсөтүп, участкалык милиция экенин” мойнуна алды. Аларга оюнчук тапанчаны көрсөткөнүн, буга чейин эч качан ички иштер органдарында иштебегенин жана жагдай үчүн кечирим сурай турганын билдирди.

Мындан сырткары тургун 2016-2017-жылдары Улуттук гвардияда кызмат өтөгөнүн, ал жактан кеткенден кийин күбөлүгүн тапшырбай кеткенин ачыкка чыгарды. Колундагы документтин жарактуу мөөнөтү 2018-жылдын 31-декабры деп көрсөтүлгөн.

Учурда бул факт боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын органдары тергөө иштерин улантууда.

14-июнда борбор калаанын милициясы жана Улуттук гвардия социалдык тармактарда тараган видеодогу адам алардын кызматкери эместигин тактаган билдирүү тараткан. Эки мекеме тең жагдай боюнча териштирүү жүрүп жатканын, кийин толугураак маалымат берилерин кабарлашты. Милиция видеодо тартылган кишини издеп баштаган.

Мунун алдында "Фейсбук" жана башка түйүндөрдө өзүн “укук коргоо органдарынын кызматкери” деп тааныштырган мас адамдын видеосу жарыяланган. Анда ал “Тынчтыкбек Женишбек уулунун” атына жазылган Улуттук гвардияга таандык күбөлүктү көрсөтүп, кайсы бир аймакта участкалык милиция болуп иштей турганын айтып жатат. Видеодо ал автоунаанын рулунда отуруп жергиликтүүлөр менен талашып-тартышып жатканы, тапанчаны алып чыгып, кайра катып койгону тартылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG