Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:41

Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин саммити башталууда

Тажикстан. Дүйшөмбү шаары.
Тажикстан. Дүйшөмбү шаары.

Тажикстандын башкалаасы Дүйшөмбү шаарында Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин саммити бүгүн, 15-июнда башталат.

Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңеши - континенттеги мамлекеттерди бириктирген эл аралык форум. Кеңештин саммити бул ирет бешинчи жолу уюштурулууда. Анын максаты чөлкөмдөгү туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоо үчүн өлкөлөрдүн өз ара кызматташтыгын чыңдоого багытталган. 

Кеңешке Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Түркия жана Египет баштаган 27 мамлекет кирет.   

Дүйшөмбүдөгү быйылкы саммит "Коопсуз жана гүлдөгөн чөлкөм" деген темада болот. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышмакчы.  

XS
SM
MD
LG