Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

Ошто кыздарды IT тармагына тартууга арналган иш-чара өтүүдө


Иш-чаранын жүрүшүнөн. Ош шаары. 15-июнь, 2019-жыл.
Иш-чаранын жүрүшүнөн. Ош шаары. 15-июнь, 2019-жыл.

“Тэкайым” коомдук фонду АКШдагы Хьюберт Хамфри программасынын бүтүрүүчүсү Тынымгүл Эшиева менен Ош шаарында кыздар үчүн атайын жолугушуу өткөрүүдө. Иш-чарада АКШнын бул жана медиа тармактарынын окуу жайларынан окуп келген адистер IT тармактын артыкчылыгы тууралуу маалымат берип жатышат.

Жыйынга 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнөн тартып, студенттер жана кесибин өзгөртүүнү каалаган кыз-келиндер катышууда. Аларга IT тармагын тандоонун артыкчылыгы, айлык акынын деңгээли, санарип экономика, бул тармакта кесиптик ийгиликтерге жетишүүнүн жолдору тууралуу маалыматтар берилүүдө.

“Эмне үчүн кыздар IT тармагына барууга тийиш?” деп аталган жолугуушунун негизги максаты – кыргыз кыздарынын көңүлүн заман талап кылган кесиптерге жана илим, технология, бизнес жаатына буруу болуп саналат. (MdN)

XS
SM
MD
LG