Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Аида Салянова Улуттук кардиология борборуна жеткирилди


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Жаза аткаруу кызматына караштуу Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянова бүгүн, 15-июнда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна алып келинди. Бул тууралуу анын тууганы Чынара Турдалиева "Азаттыкка" билдирип, дарыгерлер мурдагы башкы прокурорду тез арада ооруканага которуу керектигин айтканы менен Жаза аткаруу кызматы ага тоскоол болуп жатканын билдирди.

Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлиги Салянованы текшерген дарыгерлерге басым жасап жатканын, саясатчыны ооруканага которуу мөөнөтүн кийинки шейшембиге жылдырып жатышканын да кошумчалады.

Жаза аткаруу кызматы менен Саламаттык сактоо министрлигинен бул боюнча комментарий алууга мүмкүн боло элек.

14-июнда Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова саясатчыны абактан ооруканага которуу боюнча Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына жана башка тиешелүү органдарга өтүнүч жибергенин маалымдаган. Экс-башкы прокурор буга чейин жүрөк кемтиги илдетинен жабыркап келгенин, ал оорусу абакка түшкөндөн кийин күчөй баштаганын, түндө тахиркардия болуп, абалы оорлоп жатканын айткан.

Ага чейин айрым басылмалар Саляновага түнү менен бир нече жолу "Тез жардам" кызматы чакырылганын жазып чыгышкан.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова Саляновага "Тез жардам" келип кеткенин төгүндөп, буга муктаждык болбогонун кабарлаган.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары 3-июнда камакка алынган. (NT)

XS
SM
MD
LG