Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Салянованын адвокаты аны госпиталга которуу боюнча өтүнүч келтирди


Аида Салянова. Архивдик сүрөт.
Аида Салянова. Архивдик сүрөт.

Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова саясатчыны абактан ооруканага которуу боюнча Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына жана башка тиешелүү органдарга өтүнүч жиберди. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат билдирди.

“Аны дарыгерлер күн сайын келип текшерип жатат, "Тез жардам" да бир нече жолу келип кетти. Ага жүрөк кемтиги (порок сердца) диагнозу коюлган. Андан башка да өтө олуттуу диагноздор коюлган. Бул оорулар суук жерде жана стресстик абалда болгондо күчөйт экен. Азыр абакта Салянованын жагдайында ушул экөө тең бар, ошондуктан анын абалы оорлоп жатат. Ал азыр өтө жаман абалда жана тез арада Улуттук кардиология борборунда текшерүүгө алуу зарыл. Аны чукул арада ооруканага жаткыруу керек. Мен бул боюнча тиешелүү органдарга өтүнүч келтирдим”,- деди Рабига Сыдыкова.

Мунун алдында айрым басылмалар Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Аида Саляновага түнү менен бир нече жолу "Тез жардам" кызматы чакырылганын, экс-башкы прокурордун абалы өтө оорлоп кеткенин жазышкан.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова Саляновага "Тез жардам" келип кеткенин төгүндөп, буга муктаждык болбогонун билдирди. Ал абакка түшкөн адам стресс абалга кабылышы мүмкүндүгүн кошумчалап, мурдагы башкы прокурор азырынча андай абалда эместигин айтты. Жаза аткаруу кызматынын өкүлү ошондой эле адвокаттын өтүнүчүнө анын каты каралып чыккандан кийин жооп болорун да тактады.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кармалган.

Салянова «Азаттыктагы» маегинде Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин айткан.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, чартердик каттам менен токтоосуз Чеченстанга учуп кеткен. Соттун чечимине Батукаевдин ак кан илдетине чалдыкканы жана аз өмүрү калганы тууралуу дарыгерлердин тыянагы себеп болгону айтылган. Кийин анын жашоосу саналуу экени ырасталган эмес, Батукаевдин көзү тирүү экени белгилүү.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданды. Анын алкагында Саляновадан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, депутат жана беш медицина кызматкери кармалган. Эки дарыгер, Сагынбаева кайрадан үй камагына чыгарылган. Атахановдун да бөгөт чарасы өзгөргөнү кабарланып, тиешелүү органдар анын үй камагына чыкканын ырастай элек. ЖАМКтын ошол кездеги башчысы, парламенттин азыркы депутаты Зарылбек Рысалиев да сурак берип жатканда өзүн начар сезип ооруканага түшкөн. Тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG