Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Ашхабад дүйнөдөгү «эң кымбат» шаар деп табылды


Ашхабад шаары. Түркмөнстан.
Ашхабад шаары. Түркмөнстан.

«ECA International» уюмунун иликтөөсү боюнча, Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад дүйнөдөгү «эң кымбат шаар» деп табылды. Уюмдун иликтөөсү 13-июнда жарыяланды. Былтыр эң кымбат шаарлардын рейтингинде Ашхабад 111-сапты ээлеген.

Түркмөнстандын ордо калаасынын бир жыл ичинде мындай жогорку баскычка чыгышын уюмдун өкүлдөрү өлкө акыркы жылдары туш болгон экономикалык жана валюталык мүшкүлдөргө байланыштырып жатышат.

Ашхабад сап башына чыккан дүйнөдөгү эң кымбат он шаардын катарын Цюрих, Женева, Базел, Берн, Гонгконг, Токио, Сеул, Тел-Авив жана Шанхай толуктады.

XS
SM
MD
LG