Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Футбол: «Copa America-2019» мелдеши башталды


Бразилиянын курама командасы.
Бразилиянын курама командасы.

Түштүк Америкада негизиги континенталдык кубок деп саналган «Copa America» турнири башталды. Түндө оюндардын ачылышында Бразилия менен Боливиянын командалары ойноду.

Бул матчта талаа ээлери Боливияны 3:0 эсебинде утуп, алгачкы үч упайга ээ болушту.

Бразилиядан башка «А» тайпасында Венесуэла менен Перунун командалары бар. «В» тайпасына Аргентина, Колумбия, Парагвай, Катар, «С» тайпасына Уругвай, Чили, Эквадор, Жапония өлкөлөрү кирди.

Быйылкы «Copa America» турнири Бразилиянын Рио-де-Жанейро, Сан-Паулу, Салвадор, Порту-Алегри, Белу-Оризонти шаарларындагы стадиондордо өтөт.

Бул ирет Түштүк Америка өлкөлөрүнүн катарында Азия чөлкөмүнөн Катар жана Жапония атайын конок катары чакырылды. (SDz)

XS
SM
MD
LG