Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Саудиянын канзадаасы танкерлерге кол салуу үчүн Иранды айыптады


Мухаммед бин Салман (солдо) атасы, падыша Салман менен.

Сауд Арабиясынын мураскер канзаадасы Мухаммед бин Салман Оман булуңунда ушул аптада эки мунай танкерине жасалган чабуул үчүн атаандашы Иранды айыптап чыкты.

Салман 16-июнда "Ашарк аль-Аусат" гезитине чыккан маегинде "Ирандын бийлиги Жапониянын премьер-министринин Тегеранга болгон сапарын сыйлаган жок. Ал Иранда жүргөндө эки танкерге кол салды. Алардын бири жапониялык болчу", - деп айтты.

Ошол эле кезде Мухаммед бин Салман өз өлкөсү аймакта согуш болушун каалабай турганын, бирок элге, эгемендикке, аймактык бүтүндүккө жана кызыкчылыкка туулган коркунучтарга жалтактабай жооп кайтарыларын билдирди. Акыркы окуялар эл аралык коомчулуктун коркунучтарга каршы чечкиндүү позицияда болушун талап кылып жатканын белгиледи.

Перс булуңунда мунай ташыган танкерлерге кол салууга АКШ жана анын Перс булуңундагы өнөктөштөрү, Сауд Арабиясы Иранды күнөөлөп жатышат.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Оман булуңунда 13-июнда эки мунай танкерине жасалган чабуул үчүн Иранды айыптады. Окуя Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин Тегерандагы сапары учурунда орун алган.

Пентагон Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кайыктары чабуулдан кийин жарылбай калды деген минаны тазалап жатканы тууралуу видео тараткан.

Бир ай мурда Бириккен Араб Эмирлигине жакын жээктерде төрт танкерге чабуул жасалган. Сауд Арабиясы да, Вашингтон да бул үчүн Иранга жоопкерчиликти жүктөгөн.

Иран өз дарегине айтылгандарды четке кагып келе жатат.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG