Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:34

Словакия: биринчи президент аял ант берди


Зузана Чапутованын ант берүү аземи. Братислава. 15-июнь, 2019-жыл.
Зузана Чапутованын ант берүү аземи. Братислава. 15-июнь, 2019-жыл.

Словакиянын жаңы шайланган президенти Зузана Чапутова 15-июнда Братиславада ант берди. Ал өлкөдөгү мыйзамсыздыкка каршы күрөшүп, адилеттүүлүктү коргой турганын билдирди.

45 жаштагы Чапутова Словакия эгемендүү болгон 1993-жылдан бери өлкө тарыхындагы биринчи аял президент болуп калды.

Зузана Чапутова – юрист жана экологиялык маселелерди көтөрүп жүргөн активист. Буга чейин коррупцияга каршы чыгып, ЛГБТ коомчулугун коргоп жүргөн. Ошондой эле абортко болгон укук үчүн күрөшүп, айлана-чөйрөнү коргоого чакырып келген.

Ал Братиславанын жанындагы таштанды төгүүчү жайды жаптырууга жетишкени менен атагы чыккан. Журналист Ян Куциакты өлтүргөндөрдү табууга убада берген.

Быйыл мартта эки айлампа менен өткөн шайлоодо добуштардын 58,4 пайызын алып, утуп чыккан. Ага словак элинин 1 миллиондон ашууну добуш берген.

XS
SM
MD
LG