Анталиянын Кумлужа аймагында 15-июнда жеңил автоунаа менен туристтерди ташыган автобус кагылышты.
Кырсыкта жети турист жана жеңил машинедеги жергиликтүү төрт жаран жабыраган. Анталиянын Финике аймактык ооруканасы «Азаттыкка» билдиргендей, кырсыкта жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар катталган эмес.
Орусиялык жана өзбекстандык туристтер жаракат менен ооруканаларга түшкөн. Алардын абалы туруктуу экени айтылды. Жабыркаган туристтердин алтоо Орусиянын, бирөө Өзбекстандын жарандары.
Учурда жол кырсыгынын чоо-жайын Анталиянын полициясы иликтей баштады. Анталия аймагында 400дөн ашуун беш жылдыздуу мейманкана бар. Алар 2019-жылы 50 миллионго жакын турист кабыл алууну пландашкан. Бул былтыркыдан эки эсе көп.
Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык каттоого турган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет. Жайында Түркияда иштеген кыргызстандыктардын саны мындан бир топ көбөйөт. (ElB)