Түштүк Америкада негизиги континенталдык кубок деп саналган «Copa America» турнири башталып, биринчи турдагы оюндар жүрүп жатат.
«В» тайпасында алгачкы оюнду баштаган Аргентинанын курама командасы Колумбия менен туш келип, 0:2 эсебинде утулуп калды. Курамында Лионел Месси бар Аргентина бул оюнга фаворит катары чыгып, 90 мүнөт ичинде Колумбиянын дарбазасынын ачкычын таппай койду.
Натыйжада Аргентина алгачкы упайын жоготсо, Колумбия үч упай менен «В» тайпасын баштады.
Ал эми «А» тайпасында Венесуэла менен Перунун командалары бири-бирине гол киргизе албай, тең чыккан бойдон кетишти.
Быйылкы «Copa America» турнири Бразилияда өтүп жатат. Кечээ талаа ээлери чемпионаттын ачылышында Боливияны 3:0 эсебинде утуп алышкан. (SDz)