Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) мурдагы башчысы Ихтиёр Абдуллаевдин камакка алынганын расмий бышыктады.
Мекеменин маалыматына караганда, Абдуллаев менен анын орун басары Эгамовго, ошондой эле дагы онго жакын кызмат адамына каршы «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» жана «Пара алган» деген негизде кылмыш иши козголгон. Ошондой эле кылмыш ишинде мурдагы жогорку кызматтагы бир нече адам бар болгондуктан, көптөгөн маалыматтар ачыкка чыгарылбай турганы белгиленген.
53 жаштагы Ихтиёр Абдуллаевдин камакка алынганы тууралуу быйыл февралда «Азаттыктын» өзбек кызматы жазып чыккан.
Абдуллаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы болуп 2018-жылы январдын аягында дайындалган. Ага чейин башкы прокурор жана президенттин мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген.