Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:21

Ош базарындагы көчө курулуш учурунда бузулду


Бишкек. Ош базарынын жанындагы имарат.

Бишкектин мэриясынын маалыматына караганда, Ош базарынын тегерегиндеги, Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуар соода борборунун пайдубалы үчүн казылган чуңкурга байланыштуу түшүп кеткен. Аны курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компания калыбына келтирип берет.

16-июнда Интернетте Ош базарында курулуш учурундагы эреже бузуудан улам жол жарылып, тротуар түшүп кеткени, көпүрө бузулганы тууралуу видео тараган. Окуяда эч ким жабыркаган эмес.

Ал жерге мэриянын өкүлдөрү барышып, соода борбордун астыңкы бөлүгүн куруш үчүн чуңкур казылганда жолдор бузулганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG