Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Иликтөө: чоң державаларда өзөктүк курал азайды


Орусиянын «Сармат» континент аралык ракетасы.
Орусиянын «Сармат» континент аралык ракетасы.

Дүйнөдөгү көйгөйлүү маселелерди иликтеген Стокгольм эл аралык институту (SIPRI) чоң державаларда өзөктүк куралдар былтыр азайганын жарыялады.

Институттун 17-июнда чыккан иликтөөсүндө Орусия менен АКШнын «саясий жана аскердик пикир келишпестиктерине» байланыштуу өзөктүк куралдар келечекте дагы азаяр-азайбасы белгисиз экени айтылат.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын башында Орусия, Кошмо Штаттар жана дагы жети мамлекет 13 865 өзөктүк куралга ээлик кылган.

Бул 2018-жылдын башына салыштырганда бир топ аз. Ал кезде өзөктүк куралдардын жалпы саны 14 465 деп эсептелген болчу.

Мындай жылыш Өзөктүк куралдарды азайтуу боюнча келишимге ылайык ишке ашып, негизинен Орусия менен АКШ куралдарын азайтышкан. Бул келишимдин мөөнөтү 2021-жылы аяктоого тийиш. Ошол эле кезде аталган институттун өзөктүк куралдан арылуу боюнча программасынын директору Шеннон Кейл келишимди узартуу маселеси эмгиче талкуулана элек экенин айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Андреа Томпсон быйыл майда Сенатта администрация келишимди узартуу боюнча эч кандай чечим кабыл ала элек экенин билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин 6-июнда Санкт-Петербургда эл аралык маалымат агенттиктеринин башчылары менен жолугушкан учурда Вашингтон документти узартуу багытында сүйлөшүүлөрдү баштагысы келбей жатканын айткан.

2010-жылы Чехиянын баш калаасы Прагада кол коюлган пактка ылайык, АКШ менен Орусия алдыдагы жети жыл аралыгында өзөктүк дүрмөттөрүнүн санын ар бири 1550гө же 30 пайызга азайта турган болгон. Бул - дүйнөдөгү өзөктүк куралдын 90 пайызына ээлик кылган эки өлкөнүн колундагы өзөктүк дүрмөттүн үчтөн бир бөлүгүнө жакыны. ​

XS
SM
MD
LG