Былтыр күзүндө киши колдуу болуп өлгөн Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу шек саналып жаткан Мелис Калыков кыргыз элине, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды. Анда Мелис Калыков өзүнүн күнөөсүз экенин билдирип, ошол эле учурда прокурордун өлүмүн алдын-ала пландаштырып, буюртма бергендер жана аны аткаруучулар катары бир топ кишилердин аты-жөнүн атаган.
Кайрылуу ээси Баткен прокурорунун өлүмүнө анын орун басары Арсланбек Байбосунов менен Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбековду түздөн-түз күнөөлүү деп, алар «маркумду өлтүрүүнү пландап, уюштурганын» билдирген. Мындан тышкары Мелис Калыков өз кайрылуусунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүргөн адамдар катары 17-ноябрда чогуу аңчылыкка чыккан бир нече адамдын аттарын атаган.
Мелис Калыков бул маалыматтарды тергөөдө айтканын, бирок тергөөчүлөр аны эске албаганын да маалымдаган.
Кайрылууда аты аталгандар Калыковдун аларга койгон күнөөсүн жокко чыгарышууда. Баткен облусунун прокурорунун мурунку орун басары Арсланбек Байбосунов 17-июндагы соттук териштирүүдө көрсөтмө берип жатып, бул тууралуу суроого «жок» деп четке какты.
Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (MdN\ZKo)