Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Түркияда сойкулук боюнча шек саналган кыргызстандыктар кармалды


Жыныстык кулчулуктан куткарылгандар. Иллюстрациялык сүрөт. «Habertürk» басылмасы.
Жыныстык кулчулуктан куткарылгандар. Иллюстрациялык сүрөт. «Habertürk» басылмасы.

Түркияда сойкулук менен алектенүүгө байланыштуу шек саналган кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу 17-июнда жергиликтүү «CNN Türk» телеканалы билдирди.

Маалыматта Түркиянын Трабзон аймагында 200 полиция кызматкери катышкан атайын операцияда 28 чет өлкөлүк кыз-келин «Сойкулук» беренеси боюнча шектүү катары кармалды.

Колго түшкөндөр Украинадан, Грузиядан, Азербайжандан, Орусиядан жана Кыргызстандан барганын айтышкан. Трабзон айгамы Грузия менен чектешет.

Түркияда сойкулук үчүн кармалган чет өлкөлүктөрдү жергиликтүү миграция мекемеси депортациялайт. Өлкөнүн Жазык кодексинин 227-беренесине ылайык, сойкулукка мажбурлаган жана ага колдоо көрсөткөн адамдар эки жылдан төрт жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бирок зордук-зомбулукка кабылган чет өлкөлүк кыз-келиндердин дээрлик баары полицияга арыз жазуудан коркот. (ElB)

XS
SM
MD
LG