Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Владимир Зеленский Францияга расмий сапар менен барат

Владимир Зеленский алгачкы чет өлкөдөгү сапарын Европадан баштаган.
Владимир Зеленский алгачкы чет өлкөдөгү сапарын Европадан баштаган.

Бүгүн, 17-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Франциядагы расмий сапары башталат. Ал адегенде Парижде Елисей сарайында француз кызматташы Эммануэл Макрон менен жолугат.

Владимир Зеленский президенттик кызматка киришип жатып реформа жүргүзүүгө, өлкө чыгышындагы мамлекеттик күчтөр менен Орусия колдогон жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылышты жөнгө салууга убада берген. 

Буга чейин Эммануэл Макрон Зеленскийге реформа боюнча программасын ишке ашырууга колдоо көрсөтүлөрүн айткан.

Расмий маалыматка караганда, Макрон менен Зеленскийдин жолугушуусунда Донбасстагы жаңжалды Париж менен Берлиндин жардамы менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү да каралат.

Франция жана Германия - эл аралык коомчулукта «Норманд» форматы деген ат менен таанылып калган, Украина менен Орусия да кирген сүйлөшүүнүн катышуучулары. Буга чейин «Норманд» форматындагы сүйлөшүүлөр бир канча жолу өткөрүлгөнү менен жаатташкан тараптардын ортосунда орток пикир табылган эмес.

Зеленскийдин Европа сапары андан кийин, 18-июнда Германияда уланат.

Ушул айдын башында Владимир Зеленский президент катары алгачкы чет өлкөгө сапарын Брюсселде баштаган жана анда НАТО менен Европа Биримдигинин штабына барган. 

XS
SM
MD
LG