Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Ош шаарында ишканалардын салык үчүн карызы 35 млн. сомдон ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык салык кызматынын маалыматы боюнча, мамлекеттик бюджетке салык төлөбөй келе жаткан ишканалардын сап башында «Асур» ишканасы турат. Аталган ишкананын мамлекетке салык боюнча карызы 11 897 254 сом. Экинчи орунда турган «Интерстрой» ишканасы бир аз азыраак көлөмдөгү салыкты - 11 599 606 сомду өз учурунда төлөбөй келген.

Андан кийинки ишкана үч млн. сомдон ашык салык төлөбөй келсе, калгандары дагы азыраак болуп отуруп, жалпысынан 35 млн. сомго жакын салык мамлекетке төлөнгөн эмес.

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын төрт айында республикалык жана жергиликтүү бюджетке 35 млрд. 72 млн. сом салык чогулган.

Былтыркы жылдын алгачкы төрт айына салыштырганда, быйылкы төрт айда салыктар жана жыйымдар 1,1 млрд. сомго аз жыйналган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG