Европа Биримдиги Борбор Азиядагы мамлекеттер менен кызматташууну тереңдетүү боюнча жаңы стратегия кабыл алды. Бул документ бүгүн Европа Кенешинин Люксембургдагы жыйынында кабыл алынды. Бул кеңешке Европа Биримдигинин курамындагы 28 өлкөнүн жетекчилери кирет. Жаңы стратегияда Европа Биримдигинин Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгынын жаңы максаттары, милдеттери камтылган.
- Жаны стратегияда Европа Биримдиги Борбор Азияда реформаларды ишке ашырууга көмөктөшүүнү жана аларды бекемдөөнү каалайт. Азыркы учурдун чакырыктарын эске алуу менен ага ылайык келүүнү каалайбыз, - деди Европа Биримдигинин өкүлү.
Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын кызматташтыгын кеңейтүү боюнча жаңы стратегияны Евробиримдиктин өкүлдөрү Бишкекте 7-июлда тааныштырышат. (BkA)