Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Тажикстан: көчөдөгү видеокамералар адамдын жүзүн да аныктай баштайт


Дүйшөмбү шаарында «Коопсуз шаар» долбоору 2013-жылы башталган.
Дүйшөмбү шаарында «Коопсуз шаар» долбоору 2013-жылы башталган.

Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүнүн көчөлөрүндөгү, коомдук жайлардагы видеого каттаган камераларга жакында адамдардын жүзүн таанып-аныктай турган система киргизилет. Мындай система алгач эл аралык аэропортто, ири соода борборлору менен базарларда, темир жол бекети өңдүү адамдар көп чогулган коомдук жайларга коюлган камераларга орнотулат.

Тажик бийлиги бул саамалык шаардагы кылмыштуулукту азайтууга, жоголгон жарандарды табууга жардам берерин айтууда.

Тажикстанда «Коопсуз шаар» долбоору 2013-жылы башталган. Анын алкагында Дүшөмбүдөгү 75 негизги кан жолдорго, көчө кесилиштерине 855 видеокамера орнотулган. Долбоорго 22 миллион доллар жумшалган жана анын 20,9 миллиону Кытайдан узак мөөнөттүү насыя катары алынган.

Былтыр видеокамералар 2 миллондон ашык жол эрежесин бузуу фактысын каттап, төлөнгөн айыппул 132 миллион сомонини, башкача айтканда 13 миллондон ашык долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG