Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Ван аймагына Кыргызстандан мугалимдерди тартуу маселеси талкууланды


Кыргызстандан барган ыктыярчы мугалимдер Улуу Памир айылында сабак өтүп жатышат. Июль, 2018-жыл.
Кыргызстандан барган ыктыярчы мугалимдер Улуу Памир айылында сабак өтүп жатышат. Июль, 2018-жыл.

Түркиянын Ван аймагындагы кыргыздарды окутууга Кыргызстандан мугалимдерди тартуу маселеси талкууланды.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) тѳрагасы Абдуллах Эрен менен жолугушуусунда Вандын Улуу Памир айылындагы орто мектепке Кыргызстандан мугалим тартуу жана аларга айлык төлөө жагы каралды.

Элчи кыргыз тили менен адабиятынан, кол ѳнѳрчүлүктөн жана музыкадан сабак берчү мугалим жетишсиз болуп жатканын белгилеп, бул маселени тез арада чечүүгѳ жардам сурады.

Ошондой эле жолугушууда Түркияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттерди көбөйтүү тууралуу сөз болду.

Ванда кыргыз тилдүү мугалимдерге суроо-талап күч. Бирок бул аймакка 2000-жылдардын башынан бери кыргызстандык мугалимдер бара элек. Мунун айынан кыргыз тили, кыргыз тарыхы окутулбай калган.

Кыргыздар Түркиянын Ван аймагына 1986-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Улуу Памир айылында эки миңге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350дөйү мектеп окуучусу. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык кыргыз бар.

Түркиянын жогорку окуу жайларында 160 өлкөдөн 150 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат, кыргызстандык эки миңдей студент бар. Алар негизинен инженерия, социология жана теология факультеттеринде билим алышат. (ElB)

XS
SM
MD
LG