Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Ишкерлер Канжар Кадыралиев тууралуу сот чечимине каршы даттанат


Канжар Кадыралиев.
Канжар Кадыралиев.

Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге байланыштуу чыккан өкүм боюнча андан жабыркаган ишкерлер Бишкек шаардык сотуна даттанат. Бул тууралуу Кадыралиевге каршы арыз жазган ишкер Сактан Келдибаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, доо арыз даярдалып, жакынкы күндөрдө берилет. Бишкектин Октябрь райондук соту 17-июнда Кадыралиев боюнча чечим чыгарган. Жабырлануучу тарап сот прокуратуранын Канжар Кадыралиевди 15 жылга эркинен ажыратуу тууралуу сунушун канааттандырбаганын, ал күнөөлүү деп табылганы менен эч кандай жазага тартылбаганын айткан.

Ушул кезге дейре үй камагында болгон Канжар Кадыралиевге карата кандай негизде чечим чыкканы тууралуу райондук жана Жогорку сот маалымат бере элек.

2014-жылы Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын жана парламенттин мурдагы депутаты, маркум Санжар Кадыралиевдин бир тууганы, Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык», «Опузалоо» жана «Өзүм билемдик» беренелери менен кылмыш ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Ал кылмыш иши козголгондон беш айдан кийин гана камакка алынган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

«Азаттык» бул ишти иликтеп, коомдо катуу талкууга алынгандан кийин соттук териштирүүнү ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев көзөмөлгө алган. Бирок сот иши создугуп, жабыркагандар беш жылдан бери арызданып жүрүшөт. Былтыр жыл аягында жабырлануучулардын арызы менен Октябрь райондук сот ишти кайра иликтөөгө жиберген. Быйыл январда сот калыбына келтирилген.

Кадыралиевге иш козголушуна «куралдуу карактоого кабылды» деген өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин туугандарынын, андан кийин өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арыздары негиз болгон. Ага каршы жалпысынан беш киши сотко даттанган. Буга чейин прокуратура аны 15 жылга эркинен ажыратууну сураган. Жабыркагандар да муну колдой турганын билдиришкен. Кадыралиев жана анын жакындары кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып келе жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG