Чүйдүн Чалдыбар айылында «калайман мушташ уюштурду» деген шек менен 19 жаштагы эки жигит кармалды. Бул тууралуу 18-июнда «Азаттыкка» Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова билдирди.
Анын айтымында, окуя 16-июнда түн ичинде болгон. Денеси жабыркаган бир нече өспүрүм ооруканага түшкөнүн дарыгерлер милицияга кабарлашкан.
- Чалдыбар айылынын 17-18 жаштагы тургундары экен. Адегенде айтыша кетип, анан мушташ чыккан. Факт Кылмыштар менен жоруктардын реестрине «Ээнбаштык» жана «Денеге оор залака келтирүү» беренелери боюнча каттоого алынды, - деди Нургүл Нусупова.
Мушташ уюштурууга шектүү катары кармалган эки бала учурда Панфилов райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурушат.
Буга чейин Чүйдүн Төмөнкү Орок жана Жаңы-Жер айылдарында да өспүрүмдөр арасында мушташ чыгып, милиция жана аксакалдар кийлигишип, токтотушкан. (RK)