Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:24

ИИМ: Чиркөөгө кирген ууру кармалды


Уурдалган китептер.
Уурдалган китептер.

Ысык-Көл облусунда чиркөөдөн баалуу тарыхый буюмдарды уурдаган деп шек саналган жергиликтүү тургун кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, окуя 24-майга караган түнү Түп районунда болгон.

Чиркөөдөн баалуу диний китептер, иконалар, желекчелер уурдалган. Китептер базарда эки миң сомдон сатылып жатканын көргөн адамдар милицияга кабар беришкен.

«Уурулук» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Чиркөөгө келтирилген зыян бир нече миң сом деп бааланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG