Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

Египетте Мухаммед Мурси жерге берилди


Мухаммед Мурси.
Мухаммед Мурси.

Египеттин бийликтен кулатылган президенти Мухаммед Мурси шейшембиде жерге берилди. Маркум алдыңкы күнү сот залында жүрөгү кармап өлгөн. Шаардын Тора түрмөсүндөгү мечитте өткөн анын жаназасына үй-бүлөсү, жакындары катышты. Экс-президенттин уулу Ахмед коопсуздук органдары атасын кичи мекени Шаркия облусуна коюуга уруксат бербей коюшканын «Фейсбукка» жазды.

«Amnesty International» эл аралык укук коргоо уюму Мурсинин өлүмүн, түрмөдө кармалган шарттарын, медициналык кызмат көргөзүлүп-көргөзүлбөгөнүн «калыс, адилет, ачык» иликтөөгө чакырды.

67 жаштагы мурдагы президент азыр тыюу салынган «Мусулман агайыңдар» кыймылынын жетекчилеринен болчу. 2011-жылы алгачкы демократиялык шайлоодо жеңген. Эки жылдан кийин Египет армиясы аны бийликтен кулатып, түрмөгө камаган, ал эми колдоочуларына каршы куугунтук башталган.

«Мусулман агайыңдар» өлкөнүн бийлигин Мурсини өлүмгө жеткирди деп айыптап келишет.

«Ал жалгыз камерада отурган. Дары-дармек бербей, жийиркеничтүү тамак-аш берип жатышты, укуктарын тебелешти», - деп айтылат исламчыл кыймылдын билдирүүсүндө.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган маркумду «шейит» деп сыпаттап, анын өлүмү үчүн Египеттеги «зулумдарды» айыптады.

XS
SM
MD
LG