Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Жээнбеков бишкектиктерге ыраазычылыгын билдирди


Президент Жээнбеков ШКУ саммитинин жыйынтыгын чыгарууда. 18-июнь, 2019-жыл.
Президент Жээнбеков ШКУ саммитинин жыйынтыгын чыгарууда. 18-июнь, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын тургундарына Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Бүгүн, 18-июнда мамлекет башчысы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алып, ШКУ саммитинин, Кытайдын, Индиянын жана Монголиянын башчыларынын сапарынын жыйынтыгын чыгарды. Ал бардык тиешелүү мекемелер бул иш-чаралардын мазмундук жана уюштуруу жагын жогорку деңгээлде камсыз кылып беришкенин, конкреттүү натыйжалар бар экенин билдирди.

Ошону менен катар президент шаардыктар күнүмдүк турмушунда, өзгөчө коомдук транспорттун жүрүшүндөгү ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылышканын айтып, миңдеген адамдар борбор шаарды көрктөндүрүү, тазалыкты жана коомдук тартипти камсыз кылуу менен алек болушканын ыраазычылык менен белгиледи.

13-14-июнда Бишкекте ШКУнун саммити өттү. Ага тогуз президент, төрт премьер-министр келип катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG