Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Казакстанда митингдерге чыккан 4 миңдей киши кармалган


Алматы шаары. 12-июнь, 2019-жыл.
Алматы шаары. 12-июнь, 2019-жыл.

Ушул айда Казакстанда нааразылык акцияларын кууп таркатуу маалында полиция 4 миңдей кишини кармаган. Бул тууралуу ички иштер министри Ерлан Тургамбаев шейшемби күнү билдирди.

Министр 9-13-июнь күндөрү уруксат берилбеген митингдерге чыккан жарандар мыйзамды бузушканын, тартип коргоочуларга элге каршы газ баллону, союл өңдүү каражаттарды колдонбоо жөнүндө буйрук берилгенин айтты.

Тургамбаевдин айтымында, 3 миңдей жаран протокол түзүлгөндөн кийин кое берилген. 677 киши административдик камакка алынып, сотко тартылган. 305 киши административдик айыпка жыгылды.

Министр 9-11-июнь күндөрү 300дөн ашык полиция кызматкери жаракат алганын кошумчалады.

9-10-июнда Нур-Султан жана Алматы шаарларында президенттик шайлоону легитимсиз деп өнөктүктү бойкоттоо чакырыгы менен акциялар өткөн. Бир нече шаарда адамдар кармалган. Адегенде бийлик Алматы шаарында жана баш калаада 700дөй киши кармалганын билдирген.

Укук коргоочулар Ички иштер министрлиги келтирген расмий сан төмөндөтүлгөн деп эсептеп, полициянын аракеттерин иликтөөгө үндөп жатышат.

XS
SM
MD
LG