Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

АКШ мыйзамсыз мигранттарды чыгарат


Борбор Америкадан АКШга келген мигранттар.
Борбор Америкадан АКШга келген мигранттар.

Кийинки аптадан тартып Кошмо Штаттардын Миграциялык кызматы мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгара баштайт. Бул тууралуу 17-июнда президент Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Ошол эле билдирүүсүндө Трамп Мексиканы катаал миграциялык мыйзамдардын жардамы менен өзүнүн түштүк чек арасын бекемдеп, мыйзамсыз мигранттардын АКШнын аймагына өтүшүнө жол бербей жатканын кубаттады.

Буга чейин Трамп эгер Мексиканын бийлиги тиешелүү чара көрбөсө мексикалык товарлар үчүн салыкты көбөйтө турганын эскерткен. Ушундан улам июнь айынын башында Мексика мыйзамсыз миграцияга каршы чараларды күчөтүп, түштүк чек арасына Улуттук гвардиянын алты миңдей аскерин жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG