Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:48

Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча маселе парламенттин жалпы жыйынына коюлат


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун парламенттин жалпы жыйынына алып чыгууга макулдугун берди.

Ага чейин бул маселе Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетте да каралат.

Комиссиянын корутундусунда демилгеч топтун кайрылуусунда көрсөтүлгөн тогуз айыптоонун алтоо боюнча Атамбаевден өзгөчө оор кылмыштар үчүн шек саноого жана укук тартибин коргоо органдары текшерүүсү абзел деп эсептөөгө негиз бар экени жазылды. Алар - журналисттерге койгон айыптары, Кой-Таштагы жер тилкеси, кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу, «Ака Инвест» компаниясы, Бишкектин Жылуулук электр борборунун иши жана Бишкекке көмүр ташып келүү.

Ал эми калган үч айыптоо боюнча бул окуялар Атамбаев президент кезинде болбогондуктан комиссияда каралышына негиз жок деген бүтүмгө келди. Алар - Орусиянын 123 жаранына курал берүү, «Фрунзе Резорт» компаниясы жана 35,65 га жердин трансформация болушу.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн буруу» деп баалап жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG